http://ktrk.kg/Бишкекте юридикалык борборлор элге акысыз кеӊеш  берет

Бишкекте юридикалык борборлор элге акысыз кеӊеш берет

16 Июль , 9:51 578

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектин райондук администрацияларында юридикалык жактан бекер жардам берген борборлор ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Борборлор БУУнун баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы, Юстиция министрлиги жана Кыргызстандын адвокатурасы тарабынан ачылды. Жактоочулар социалдык кызматтар, жер маселеси боюнча талаштар жана башка укук бузуулар боюнча кеңеш беришет. Райондук администрациялардын даректери:

Октябрь району — Абдрахманов көчөсү №17;

Свердлов району — Чүй проспектиси №28;

Ленин району — Чүй проспектиси №315;

Биринчи май району — Жибек Жолу проспектиси №348.

Новости по дате