http://ktrk.kg/Ош шаарында эл аралык көргөзмө-жарманкеси уюштурулат

Ош шаарында эл аралык көргөзмө-жарманкеси уюштурулат

16 Июль , 11:25 300

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош шаарында эл аралык универсалдуу көргөзмө-жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, "Юг Экспо-2019" аталышындагы иш-чара 10-12-сентябрь күндөрү өтөт. Ага жергиликтүү жана чет элдик ишканалар катышып, айыл чарба, финансы, жеңил өнөр жай, энергетика, курулуш, туризм тармактары боюнча продукциялар жана кызматтар кардарларга сунушталат. 

Мындан сырткары, жарманке инвестициялык форум менен коштолуп, ишкерлер кызматташууну талкуулайт.


Новости по дате