http://ktrk.kg/Кыргызстанда эсеп-фактуралары электрондук түрдө колдонула баштады

Кыргызстанда эсеп-фактуралары электрондук түрдө колдонула баштады

16 Июль , 20:55 492

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда эсеп-фактуралары июль айынын башынан бери электрондук түрдө колдонула баштады. Бул убакытты үнөмдөө жана ишти кагаз менен эмес, аралыктан бүтүрүү үчүн ыңгайлуу.


Эми каттоого алуу, тактама жазуу жана салыкты электрондук түрдө төлөсө болот. Заманбап гаджеттер колду кыйла узартууда. Мисалы, эсеп-фактурасын электрондук түрдө колдонуу - сатуучулардын, уюмдардын жана салык кызматынын ишин бир топ жеңилдетти.

Мурда эсеп-фактурасы кагаз жүзүндө колдонулчу. Бул мамлекеттик органдардын да, ишкерлердин да убактысын алып, колун байлачу. Эми баары жөнөкөйлөштү. Серепчилердин пикиринде, бул кадам мамлекетке да, салык төлөөчүлөргө да ыңгайлуу.

Электрондук эсеп-фактурасынан сырткары, электрондук патент, товарды белгилөө жана салык отчётун электрондук түрдө тапшыруу да иштеп жатат. Мунун баары Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында ишке ашууда. 





Новости по дате