http://ktrk.kg/Нарында радио жана телеберүү толкундарын таркатуунун сапаты текшерилди

Нарында радио жана телеберүү толкундарын таркатуунун сапаты текшерилди

16 Июль , 21:27 6933

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бул багытта Коомдук телерадио корпорациясы өзөктүү кадам таштап, учурда жумуштар кызуу жүрүп жатат. Коомдук биринчи канал теле жана радио толкундарын таркатууда ийгиликтүү кадамдарын ишке ашырууда.



Мамлекеттик байланыш агенттигинин билдирүүсү боюнча, 14 жыштык толук кандуу иштетүүгө берилди. Бул коорпарициянын каналдары ар бир аймакта жашаган элдин сыналгыларына сапаттуу, үзгүлтүксүз жетет дегенди билдирет. Мына ушул багытта КТРКнын өнөктөшү болгон РПО РМТРдин жана коомдук каналдын кызматкерлери Нарын облусунда болушту.


Мындан тышкары ошол бөлүнүп берилген жыштыктарга радио өткөргүчтөрдү коюу боюнча иштер башталып, дароо эле республика боюнча 5 жерге орнотулду. Келечекте дагы коомдук биринчи каналдын радио тармагын жайылтуу жумуштары пландалып, дагы 22 жерге уюштуруу каралууда.

Негизи өлкө боюнча 211 радио көлөкөлүү аймакка кирген пунк бар. Алар КТРК тарабынан көзөмөлгө алынып турат. Мисалга бул Тогуз-Торо районундагы Кара-Суу айылына толкун таратуучу жайдын абалы оор экени маалым болду. Чакан имараттын ичи ысып, 45 градусту көрсөтүп, жабдык токтоп калганына күбө болдук. 

Жергиликтүү бийликке имарат бөлүү жана ичин жылытуу, муздатуу жумуштары жүктөлгөн. Адистердин айтымында эгер мындай көрүнүш кайталана берсе, миллион сомдон ашык баадагы жабдык иштен чыгып калышы мүмкүн. Бирок район жетекчилиги айыл өкмөттөрдө бул маселе боюнча тендер жарыяланып, жакынкы күндөрү орнотулат деген пикирин айтты.





Новости по дате