http://ktrk.kg/Жөө күлүктөр Кыргызстандын намысын коргойт

Жөө күлүктөр Кыргызстандын намысын коргойт

17 Июль , 9:34 683

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын жеңил атлетчилери 17-июлдан 21-июлга чейин Белорусь Республикасында өтө турган ачык чемпионатка катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик спорт агенттиги билдирди.

Бул беттеште Кыргызстандын намысын Дарья Маслова, Самат Казакбаев, Мусулман Жоламанов, Нурсултан Кеңешбеков, Данияр Арыпбаев коргойт. Андан сырткары, спортчуларды башкы машыктыруучу Сатыбек Чокаев менен машыктыруучу Татьяна Борисова коштоп барат.

Жөө күлүктөрдүн эл аралык турнирге катышуусун камсыз кылуу үчүн Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциясынан 519 миң сом каралган.


Новости по дате