http://ktrk.kg/Бишкекте маалымдоо каражаттарынын Борбор Азия конференциясы өтүүдө

Бишкекте маалымдоо каражаттарынын Борбор Азия конференциясы өтүүдө

17 Июль , 10:43 106

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте 17-18-июлда маалымат каражаттарындагы эркиндик жана плюрализмге арналган жыйырма биринчи Борбор Азия конференциясы өтүүдө. Ага чөлкөмдөгү беш мамлекеттен жана Монголиядан жүздөн ашуун медиа өкүлү, мамлекеттик кызматкерлер, журналисттик уюмдардын мүчөлөрү, серепчилер катышууда. 

Алар медиадагы жаңы технологиялар, шарттар, Интернеттеги тоскоолдуктар жана башка маселелерди талкуулашмакчы. Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму мындай конференцияны жыл сайын Борбор Азия мамлекеттеринде уюштуруп келет. Былтыр Казакстандын баш калаасында өткөн.

Новости по дате