http://ktrk.kg/Санариптештирүүнүн шартында маалымат каражаттарынын ролу талкууланды

Санариптештирүүнүн шартында маалымат каражаттарынын ролу талкууланды

17 Июль , 14:41 114

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Санариптик трансформациянын шартында маалымат каражаттарынын эркиндиги жана плюрализм деп аталган Борбор Азия конференциясы борбор калаада өз ишин баштады. Иш-чарага Борбор Азиядагы беш мамлекеттен жана Монголиядан келген жүздөн ашуун медиа өкүлдөр, мамлекеттик кызматкерлер жана медиа серепчилер катышууда. 

Алар заманбап технологиялар өнүгүп жаткан шартта калкка маалымат жеткирүүнүн өзгөчөлүктөрү, жалган, тастыкталбаган кабарларды жайылтууга каршы чараларды талкуулап, конференциянын жыйынтыгы менен сунуштамалар иштелип чыкмакчы. Маалымат каражаттарынын Борбор Азия конференциясын Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму уюштуруп келет.

Новости по дате