http://ktrk.kg/Өлкөдө сууну натыйжалуу башкаруу жанданат

Өлкөдө сууну натыйжалуу башкаруу жанданат

17 Июль , 21:34 991

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөдө ичүүчү сууну жана сугат суусун натыйжалуу пайдалануу максатында суу ресурстарын интеграциялык башкаруу аракети жанданат. Буга багытталган өз ара түшүнүшүү документине Кыргызстан менен Швейцария мамлекетинин ортосунда Президент Сооронбай Жээнбековдун бул өлкөгө болгон расмий сапарында кол коюлган. 

Швейцария өкмөтү менен кол коюлган документ дагы суу ресурстарын башкаруу жаатында алдыдагы кызматташтыктын багыттарын аныктап, стратегиялык пландарды түзүүгө өбөлгө болмокчу. Адистер бул багытта Европа мамлекеттери менен тажрыйба алмашып, алардан үйрөнө турган көп ыкмалар бар экенин айтышат.



Новости по дате