http://ktrk.kg/ЖЭБ боюнча сот: капиталдык курулуш башкармалыгынын бөлүм башчысы Калыбек Алиев суралды

ЖЭБ боюнча сот: капиталдык курулуш башкармалыгынын бөлүм башчысы Калыбек Алиев суралды

18 Июль , 17:01 1138

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

POST1RIGHT Свердлов  районундук  сотунда  жылуулук  борборун модернизациялоо иши боюнча ачык сот отуруму  өтүудө. Күбө катары   капиталдык   курулуш башкармалыгынын бөлүм башчысы Калыбек Алиев чакырылган. Анын белгилешинче, долбоорду сыноодон  «Энергопроект» илим-изилдөө институту өткөргөн. 

Эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген. Мындан улам, мурдагы   премьер-министрлер  Сапар Исаков  менен  Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурдагы  жетекчиси Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы   башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук  борборун  модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы  финансы министри Ольга Лавровага кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.  

Новости по дате