http://ktrk.kg/"КазГУ" пансионатынын тегереги таштандыга толгон

"КазГУ" пансионатынын тегереги таштандыга толгон

19 Июль , 12:28 172

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "КазГУ" пансионатынын тегереги таштандыга толуп кеткен деген билдирүүсүн эс алганы барган эс алуучу видеого тартып жөнөткөн. Анын айтымында, Таштандылар такыр чыгарылбайт экен. Ар бир бактын түбү даараткана болуп кеткен. Көлдөн ашып кетсе 50 мерт алыстыкта жайгашкан. Бул пансионаттын жанында "Тулпар" пансионатты бар ушул эки пансионаттын ортосунда да таштандылар чачылып жатат, бак-дарактар бар экен, эми ошол жер дааратканага эле айланып калыптыр. Пансионаттын ээлери акча чогултуу менен эле алек экен. Атайын таштандыларды тазаланган адамдарды жалдап айлыгын төлөп берип турса мындай көрүнүш болбойт эле. Санэпидемстанция эмне үчүн текшербейт? Эс алганы келип, мындай көрүнүштүү көрүп эс алгандай деле болбойт экенсиз,- деп кайрылган автор.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате