http://ktrk.kg/Кооптуу жол, жол боюндагы автогаз

Кооптуу жол, жол боюндагы автогаз

19 Июль , 12:38 166

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Лугавая көчөсүнүн тургундары "Элдик репортерго" документсиз иштеген Автогаз боюнча жана жолдо эч кандай жол белгилери коюлбагына нааразы болуп билдирүү жиберишкен. 

Бишкек-Кара-Балта жолунун боюнда жайгашкан Автогаз жолдон 3 метр аралыкта эле жайгашкан. Бул автогаздын эч кандай документи жок. Бул автогаздын артында элдердин үйлөрү бар. Тротуар менен мектепке окуучулар өтүшөт. Новопавловка айыл өкмөтү көзөмөлгө деле албайт. Газдын жыты көчөнү каптайт. Муну менен биз дем алабыз. Жолдун боюнда эле жайгашкан. Кокус кырсык болуп кетип, унаа сүзүп, газ жарылса, артында жайгашкан үйлөрдөгү тургундар эмне болот? Карапайым элди ойлогондор барбы? Ал эми бул жолдун аркы бетинде бала бакча ачылган. Жолдон өттү өтө эле кооптуу. Эч кандай жол белгилер, жол чырактар да жок. Унаалар тынымсыз өтөт. Бул жолдон кырсыктар да көп болот.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате