http://ktrk.kg/Жыгачтары чирип, эскилиги жеткен көпүрө

Жыгачтары чирип, эскилиги жеткен көпүрө

19 Июль , 13:16 199

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бул видеодо көрүп турган Ат-Башы районундагы Босого, Ак-Сай жайлоолоруна барчу Көк-Күмбөздөгү көпүрө. Чет элдик туристер, эс алуучулар, малчылар дал ушул көпүрө аркылуу өтүшөт. Эми бул көпүрөнүн абалы азыр өтө эле аянычтуу. 

Жыгачтары сынып, чирип калган. Араң эле турат. Оор жүк ташыган унааны көтөрө албайт. Райондук жетекчилер көңүл буруп, ушул көпүрөнүн чириген жыгачтарын алып, оңдоп коюшса болмок. Кырсык болбойт деп ким кепилдик бере алат? - дейт видео тартып жөнөткөн автор.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате