http://ktrk.kg/Ош шаарына аткезчилик жол менен күйүүчү майды киргизүүгө аракет жасагандар кармалды

Ош шаарына аткезчилик жол менен күйүүчү майды киргизүүгө аракет жасагандар кармалды

19 Июль , 14:46 620

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш мамлекеттик кызматынын жана УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери, Ош шаарына аткезчилик жол менен АИ-80 үлгүсүндөгү күйүүчү майды киргизүүгө аракет жасагандарды кармады. 

Финполициянын маалымат кызматынан кабарлашкандай, акциздик топко кирген азыктардын мыйзамсыз айлануусун аныктоого багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө Ош шаарына кире беришинде эки күйүүчү май ташуучу унаа токтотулган. 

Документтер боюнча алар 77 миң 720 литр нефрас ташып келе жаткандыгы көрсөтүлсө, чындыгында анын ичинде АИ-80 бензини болгон. Күйүүчү майды мыйзамсыз ташуу фактысы Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталды. 

Мындай мыйзамсыз иш-аракеттердин жыйынтыгында мамлекетке 675 миң 483 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.



Новости по дате