http://ktrk.kg/Жыл соңуна чейин 189 мамлекеттик кызмат көрсөтүү санарип ыкмасына өтөт

Жыл соңуна чейин 189 мамлекеттик кызмат көрсөтүү санарип ыкмасына өтөт

21 Июль , 22:09 745

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Учурда дүйнө жүзү тез ыргак менен өнүгүп, электрондук байланыш, башкача айтканда санариптик технология адамдын жашоосуна мүнөт сайын өзгөрүүлөрдү алып келип, адамзатты жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ кылууда. 

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү болобу же маалымат алмашуу, дегеле күнүмдүк турмушта пайдалана турган кызматтардын бардыгы электрондук түргө өтүп, азыр уюлдук телефон же компьютер менен эле эбегейсиз чоң жумуштарды бүтүрүп койсоң болот.

Мындай өзгөрүүлөрдөн Кыргызстан да артта калган жок. Өлкөдө быйыл “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” жарыяланганы белгилүү. Ал эми буга чейин 2019-23-жылдарга эсептелген “Санарип Кыргызстан” концепциясы кабыл алынып, анын негизинде санарип технологиялар бардык тармактарга киргизилүүдө.

 Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө, ага катар билим берүү, медицина, бизнес, туризм, сот жана укук коргоо органдарында бул процесс артыкчылыктуу багыттарга ээ.

Ушул жылдын соңуна чейин өлкөдө 189 мамлекеттик кызмат көрсөтүү санарип ыкмасына өтөт. Мунун артыкчылыгы- азыркы учурда мамлекеттик мекемелерде жарандардан кагаз түрүндө суралып жаткан бир катар маалымакаттардын түрлөрү жоюлат дегенди билдирет. 

Маселен ушул кезге чейин кардардын жашаган жери, салык же социалдык мекемелердеги карызы бар, жогун тастыктаган маалымкаттардын 11 түрү жокко чыгарылып, бул маалыматтарды мамлекеттик мекемелер “Түндүк” маалыматтык системасы аркылуу эле бири биринен алып алышат. Мурдагыдай бир мекемеден экинчисине чуркамай деген жок.

Өлкөнү санариптештирүү багытында жүрүп жаткан иштер, натыйжалар жана алдыдагы пландар менен ушул аптада президент Сооронбай Жээнбеков таанышты. Бул тууралуу маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Дастан Догоев жана “Түндүк” электрондук өз ара аракеттенүү борборунун жетекчиси Нурия Кутнаева маалымат беришти. 

Санариптик трансформациянын негизги максаты- өлкө жарандары анын натыйжаларын күндөлүк турмушунда сезиши керек. Мына ушундай талапты өлкө башчысы коюп, ал санариптештирүү иштери өз мөөнөтүндө жана сапатуу ишке ашырылышы керектигин белгиледи. 


Новости по дате