http://ktrk.kg/Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча коңшу өлкөлөрдөн бир топ алдыда

Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча коңшу өлкөлөрдөн бир топ алдыда

21 Июль , 22:50 254

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Акыркы кезде заманбап технологиялардын ишке кириши менен дүйнө өлкөлөрүндө, ошону менен катар Кыргызстанда дагы маалымат алуу мүмкүнчүлүгү бир топ жогорулады. Азыр кайсы бир маалыматты коомчулуктан жашыруу мүмкүн эмес. 

Аны менен катар биздин өлкөдө жарандар дагы өз ой пикирин ачык билдирүүгө толук мүмкүнчүлүктөрү бар, сөз эркиндигин чектөө же ага тоскоолдук кылуу сыяктуу аракеттер бизде жат көрүнүш.

Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы чынында эле жогору экенин эл аралык уюмдар да тастыктап келишет. Маселен, быйылкы жылдын көрсөткүчтөрүнө карай турган болсок, "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун рейтингинде Кыргызстан быйыл 180 мамлекеттин ичинен 83-орунду алып, муну менен өлкө бир жылда 15 тепкичке көтөрүлгөнүн көрсөк болот. 

Ошол эле учурда, Борбор Азиянын, ошондой эле Европанын айрым өлкөлөрүндө сөз эркиндигинин абал төмөндөгөн учурлар катталган. 

Ушул аптада Борбор Азия мамлекеттеринин, анын ичинен Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы Бишкекте өткөн "Санариптештирүүнүн шартында маалымат каражаттарынын эркиндиги жана плюрализм" деп аталган эл аралык конференцияда талкууга алынды.

Новости по дате