http://ktrk.kg/«Ибарат» музыкалык-фольклордук ансамбли эл аралык фестивалында биринчи орунду алды

«Ибарат» музыкалык-фольклордук ансамбли эл аралык фестивалында биринчи орунду алды

22 Июль , 10:26 105

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын «Ибарат» музыкалык-фольклордук ансамбли «Улуу Жибек жолу» эл аралык фестивалында биринчи орунду алды. Иш-чара Өзбекстандын Маргалаң шаарында өтүп, ага 20дан ашык мамлекеттин эң мыкты делген фольклордук ансамблдер катышкан. 

Фестиваль алгачкы жолу Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен фольклорду жайылтуу жана эл аралык кызматташууну жакшыртуу максатында уюштурулган. 

Катышкан өнөрпоздордун ичинен Кыргызстандан барган топ жеңишке жетти.  Белгилей кетсек, Жумамүдүн Шералиев атындагы искусство мектебинин окуучуларынан түзүлгөн «Ибарат» ансамбли буга чейин дагы бир канча сынактарда жеңүүчү аталып келген. 

Новости по дате