http://ktrk.kg/Электр жарыгынын жоктугунан иши токтогон ишкерлер

Электр жарыгынын жоктугунан иши токтогон ишкерлер

22 Июль , 22:21 313

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылындагы Геологиялык базада электр жарыгынын жоктугуна 20 күндөн ашты. Бул аймакта жарык жок болгондуктан мектептин оңдоо иштери, жанындагы жыгач иштетүү цехи, пескоблок цехи токтоп турат. Геология аймагынын кароолчусу билдиргендей, ал бул жерде жашап, иштегендиктен жарыктын өчүрүлүшү бир топ эле кыйынчылыктарды жаратууда. Мындагы шаймандар караңгыда жоголсо сотко берерин билдирет. 

"20 күндөн бери электр жок болгондуктан ишибиз токтоп калды. Ай сайын насыя төлөйбүз, бул айда кантип төлөйбүз билбейм. Балыкчы РЭСи биздин баланста жок деп, ар кайсы шылтоону айтып оңдоп бербей жатышат. Негизи аталган аймакты баланска алуу боюнча документ бар. Бирок иш жүзүндө аткарылбай калууда. Ушул маселенин чоо-жайын аныктап, жардам берсеңиздер. Ишибиз токтоп калды",- деп кайрылышкан  геологиялык базада иштеп жашаган тургундар. 

Азыр Геологиялык базанын 90% пайызы айыл өкмөттүн балансында. Мында мектеп спорт залы менен салынган. Геологиянын 10% аймагында Сокулук гидрогеологияга тиешелүү техникалары турат. Сокулук гидрогеологиядагы мектеп, эки цех Балыкчы РЭСине карайт.


Новости по дате