http://ktrk.kg/"Сары-Таш — 2019“ атайын тактикалык машыгуунун жыйынтыктоочу этабы өттү

"Сары-Таш — 2019“ атайын тактикалык машыгуунун жыйынтыктоочу этабы өттү

22 Июль , 21:26 5513

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Терроризм коркунучу бир өлкөгө гана эмес жалпы аймакка, бүтүндөй жер шаарына коркунуч жаратып турган азыркы доордо биргелешип аракеттенүү зарыл. Коопсуздукту камсыз кылууда өлкөнүн куралдуу күчтөрүнө өзгөчө милдет жүктөлгөн. Ошентсе да, күч структуралары менен жергиликтүү бийликтин бирдиктүү аракети болбосо, коопсуздукту сактоонун натыйжалуулугуна жетишүү мүмкүн эмес. Буга чейин маалымдалгандай, дал ушул максатта "Сары-Таш — 2019“ деп аталган атайын тактикалык машыгуунун жыйынтыктоочу этабы өттү.Кыргыз армиясынын дараметин бекемдөөчү иш-чарага биздин чыгармачыл топ да күбө болуп кайтты.

Июлдун 18-20сына чейин “Сары-таш - 2019” аталышындагы атайын тактикалык машыгуунун жыйынтыктоочу этабы өттү. Максаты, аскер күчтөрү менен жергиликтүү бийликтин согуш жана жаратылыш кырсыгы учурундагы күжүрмөн даярдыгын текшерүү. Аскердик машыгуу-согуштук оор техникалар жана ок атуучу куралдар менен жүргүзүлдү. Аймакка , аскердик чатырлар тигилип, жоокердик ашкана, медициналык кеңсе жайгашты. Бул чүмбөттөлгөн сыр кийим жардыруучу заттарды зыянсыздандырууда кийилет. “ EOD 9” инновациялык костюму деп аталат. Бизде жаңыдан колдонула баштады. 200дөн 500 граммга чейинки тротилдин жарылуусуна туруштук бере алат. Салмагы 30 кгдан ашат.

Ал эми, жарылуучу затты табууда же, анын кандай материал, кошулмадан жасалганын аныктоодо “Vallon” аталышындагы металл издөөчү аппараттын жардамы чоң. Өзгөчөлүгү -2,5 метр тереңдиктеги затты таба алгандыгында.

Акыркы үлгүдөгү тоодо, сууда жүрүүчү темир чопкутталган оор техникалар көрсөтүлдү. Машыгуу- Куралдуу Күчтөрдүн планы боюнча Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн катышуусу менен өткөрүлдү. Иш-чарага Орусия, Казакстандын, Индиянын аскер атташелери, Кант шаарындагы россиялык аскер базасынын жетекчилиги жана Эл аралык Кызыл крест комитетинин өкүлдөрү катышты.

Машыгуу маалында басып кирип келген куралчан топторду калктуу конуштарга жеткирбей жок кылуу максаты коюлуп, тоо шартында согуштук оор техниканы колдонуу боюнча жоокерлердин күжүрмөн даярдыгы көрсөтүлдү. Машыгуунун жүрүшүнө өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков байкоо жүргүздү. Кыргызстандык күч түзүмдөрү Мамлекеттик чек араны коргоо, жергиликтүү тургундарды көчүрүү, туткундарды бошотуу ошондой эле согушкерлерге бөгөт коюу жана жок кылуу боюнча тапшырмаларды ийгиликтүү аткарышты. 

Президент, машыгуунун катышуучуларын жакшы жыйынтыгы менен куттуктады. Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысы өз сөзүндө, улуттук коопсуздукту бекемдөө - өлкөнүн ички жана тышкы саясатынын негизги багыты экенин баса белгиледи. Мындай машыгууларды өткөрүү- мамлекеттин коопсуздугунун бекемделишине натыйжалуу өбөлгө боло алат.

Аракеттерди бириктирүүдө укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү бийликтин биргелешкен аракетин мыкты натыйжа чыккыдай кылып жөнгө салууну камсыздоо маанилүү. Мамлекет башчы,кыргыз армиясынын дараметин жогорулатууга жардам берип жаткан өнөктөш мамлекеттердин өкүлдөрүнө да ыраазычылыгын билдирди. Мындай аскерий машыгууларды кыргыз аскерлери башка өлкөлөр менен да биргелешип өткөрүү менен тажырыйба алмашып келет. Тажикстанда сентябрга белгиленген машыгууга катышуу үчүн келишимге кол коюлган. 

Кыргыз армиясынын Эл аралык аренада татыктуу упайга жетүүсүндө шек жок экенин билдирген өлкө башчы, аскерлер машыгуучу майдандын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн 300 миң сомдук тастыктама тапшырды. Соңунда, кызмат өтөөдө кесипкөйлүүлүгүн көрсөткөн аскер кызматкерлерине аталган кызматтын сыйлыктары ыйгарылды.


Новости по дате