http://ktrk.kg/Таза сууга зар болгон Кызыл-Кыя шаар тургундары

Таза сууга зар болгон Кызыл-Кыя шаар тургундары

23 Июль , 11:26 185

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын Масалиев жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу 4 үйдө 3 айдан бери таза суу чыкпай, жашоочулар сууну көчөдөн таашып ичип кыйналып келишет. Жергиликтүүлөрдүн пикиринде суунун чыкпай калуу себеби, үйлөрдүн жанында 8 мончо иштеп, сууну сордургуч менен колдонушат да, көп кабаттуу үйлөргө суунун басымы аз болуп чыкпай калат. Айласы кеткен тургундар көчөдөгү сынган кудуктан түтүгүн көтөрүп барып, эртең менен эки сааттын ичинде кезекке туруп суу алышат. Эртең мененкисин аккан бул кудук да эки саатта токтоп калат дешет жашоочулар.

Суу көйгөйүн чечип бергиле деп, тиешелүү мэрия, акимиат жана сууканал кызматына бир нече жолу кайрылышканы менен эч кандай жыйынтык чыкпай келет. 


Новости по дате