http://ktrk.kg/Бишкектин хоккей командасы Чехиядан эл аралык турнирде экинчи жолу жеңишке жетти

Бишкектин хоккей командасы Чехиядан эл аралык турнирде экинчи жолу жеңишке жетти

23 Июль , 13:40 487

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарынын хоккей боюнча командасы Чехиядагы балдар арасындагы эл аралык турнирде экинчи жолу жеңишке жетти. 

Мелдеш 21-июлда 5 команданын катышуусунда Писек шаарында башталган.  Регламент боюнча, командалар бир айлампа ойноп, эң көп упай топтогон тайпа жеңүүчү болот. 

Кыргызстандык хоккейчилер экинчи турда чехиялык команда (HC Veselí nad Lužnicí) менен беттешип, 9:1 эсебинде жеңишке жетти.  Биринчи турда  дагы  Кыргызстандын командасы германиялык хоккейчилер менен беттешип, 10:6 эсебинде жеңишке жеткен .


Новости по дате