http://ktrk.kg/Кыргыз-тажик чек арасындагы абал толук жөнгө салына элек, бирок туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал толук жөнгө салына элек, бирок туруктуу

23 Июль , 21:34 121

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал толук жөнгө салына элек, бирок туруктуу. Кырдаалды курчутпай, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү менен Тажикстандын Согди облусунун губернатору байма-бай жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосундагы конфликт 22-июлда чыккан. 

Андан 16 кыргыз жараны жаракат алган. Алардын басымдуу бөлүгү милиция кызматкерлери менен чек арачылар. Муну менен катар жергиликтүү тургундар дагы бар. Жеринде укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. 

Белгилей кетсек, буга чейин эле Президенттин тапшырмасы менен чек арага жакын жайгашкан айылдарда калыс иш алып баруу үчүн милиция кызматкерлери менен чек арачылардын саны көбөйтүлгөн. 

Окуя болгон учурда дагы бул кызматкерлер жеринде тынчтыкты камсыз кылуу максатында иштеп келишкен. Учурда жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Жеринде Чек ара кызматынын жетекчиси, Ички иштер министри жана өкмөттөн барган өкүлдөр иштеп жатат.




Новости по дате