http://ktrk.kg/Ошто 600 окуучуга ылайыкталган IT академиясы ачылат

Ошто 600 окуучуга ылайыкталган IT академиясы ачылат

24 Июль , 9:35 2719

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ошто 600 окуучуга ылайыкталган IT академиясы ачылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Нурсултан Кубанов билдирди. 

Окуу жай Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында, мамлекеттин колдоосу жана инвесторлордун көмөгү менен ачылып жатат. Бул жерде 15 жаштан жогорку курактагы жаштар билим ала алышат. 

Алар back-end, front-end жана аndroid болуп, 3 багыт боюнча окушат. Академияда мектепте жакшы баага окуган жана социалдык жактан колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары жеңилдетилген шартта же акысыз окуй алышат. 

Окуу мөөнөтү 8 ай. Окуу жайды бүтүргөндөр Кореядагы дүйнөлүк “Самсунг” компаниясына барып, тажрыйба арттырып келишет. Каалоочулар 29-июлдан баштап, документтерин алып келе берсе болот. Окуу 1-сентябрда башталат.




Новости по дате