http://ktrk.kg/Ленин чокусунда Жеңиш туусу желбиреди

Ленин чокусунда Жеңиш туусу желбиреди

24 Июль , 10:28 313

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Улуу Жеңиш күнүнө даярдык көрүү иш-чараларынын алкагында Ленин чокусунда Жеңиш туусу желбиреди. Бул тууралуу "Жеңиш мураскерлери" эл аралык бирикмесинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Хабибулла Газизов билдирди.

Анын айтымында, аталган чокуга кыргызстандык эки альпинист, Ливандан келген конок IFMGA/KMGA ассоциациясынын гиди менен чыгышкан.

"Чокуга чыгууга даярдыктар 3-июлда башталган. Ал эми 16-июлда альпинисттер Ленин чокусуна чыгып, жеңиш туусун желбиретишти. Кийинки күнү аман-эсен жерге түшүшкөн. Ливандан келген альпинист өз өлкөсүндө биринчилерден болуп Ленин чокусуна чыккан киши болуп калды", — деди Газизов.

Новости по дате