http://ktrk.kg/Кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандарга камкордук көрсөтүлүүдө

Кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандарга камкордук көрсөтүлүүдө

24 Июль , 12:19 438

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз-тажик чек арасындагы пикир келишпестиктен жабыркап 16 адам ооруканага кайрылды. Алардын учурдагы абалы орточо деп бааланууда. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, министрдин орун басары Эркин Чечейбаев 23-июлда инциденттен жабыркап, Баткен бириктирилген ооруканасында дарыланып жаткандардын абалынан кабар алды.

Алардын дарылануу схемасы менен таанышкан Чечейбаев ыкчам медициналык жардам берүү жана зарыл болгон дары-дармектер менен камсыз кылууну күчөтүү тапшырмасын берди.

Мындан тышкары ал Баткенге реанимобиль жана тиешелүү дарыгерлер жиберилгенин, ошондой эле эки тез жардам машинасы күнү-түнү нөөмөттө турганын билдирди.


Новости по дате