http://ktrk.kg/Таштандыдан тажаган Кара-Балта шаар тургундары

Таштандыдан тажаган Кара-Балта шаар тургундары

24 Июль , 17:23 276

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кара-Балта шаарынын Рабочая көчөсүндөгү таштандыларды бир жумада эки жолу алып кетет. Бирок эки күндө бир эле таштанды толуп, жерге төгүлүп, жагымсыз жыттар короону каптоодо. 

"Биздин үйлөрдүн жанында дүкөн, базарлар бар. Ошолордон чыккан таштандылардын баарын ушул жерге ыргытышууда. Өздөрүнүн таштанды таштоочу жайлары жок. Биздин өтүнүчүбүз ушул таштанды урналарын башка жерге жылдырып беришсе жакшы болмок. Ар бирибиздин кичинекей балдарыбыз бар. Эшикке чыгып ойной албай калышты. Жагымсыз жыттан, эшик-терезелерибизди да ача албай калдык",-дейт Кара-Балта шаарынын Рабочая көчөсүнүн тургуну. 


Новости по дате