http://ktrk.kg/Кыргызстандын аймагында жапайы жаныбарлардын саны өсүүдө

Кыргызстандын аймагында жапайы жаныбарлардын саны өсүүдө

25 Июль , 13:48 2228

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жети-Өгүздүн Сөөк дарыясынын жээгинде, Жаман-Эчки, Айгыр-Булак аймактарында, аркарлар менен тоо эчкилердин жайылып жүргөн сүрөттөрү жарыяланды. Бул маалыматты Өзгөчө коргоого алынган аймактар менен биотүрдүүлүктү сактоо департаменти таратты. Соңку жылдары коруктарда эле эмес, Кыргызстандын өрөөндөрүндө жапайы жаныбарлардын арбыгандыгы байкалат. Бул туурасында жаңы алынган материалдар тастыктап турат", - деп жазылат маалыматта. 

Жапайы жаныбарларды, алардын ичинен тоо эчкилерди коруктардан кездештирүү кыйын болсо, азыр жайлоолордо, каралбаган жерлерде көп кезиге баштады. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги экологиялык системаны, канаттууларды, жапайы жаныбарларды, анын ичинен ак илбирсти сактоо үчүн кылган аракети өз жемишин берип жаткандыгын маалымдашкан.

Новости по дате