http://ktrk.kg/ Денис Петрашов экинчи лицензиясын алды

Денис Петрашов экинчи лицензиясын алды

25 Июль , 13:59 415

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандык суучул  Денис Петрашов 2020-жылы Токио шаарында өтө турчу Олимпиада оюндарына катышуу үчүн экинчи жолу уруксат алды.

Сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионаты ушул тапта Түштүк Кореянын Кванджу шаарында өтүп жатат.

Бүгүн, 25-июлда  Петрашов сууда сүзүүнүн брасс түрү боюнча 200 мерт аралыкка сүзүүгө  катышты. Ал үчүнчү бөлүктө сүзуп, 2 мүнөт 11,65 секундда сүзүп келген. Жалпы эсепте Кыргызстандын спортчусу 24-орунду ээледи.

Эскерте кетсек, Петрашов биринчи мелдеште 100 метр аралыкка сүзүп, бир мүнөт 0,94 секундда 87 спортчунун ичинен биринчи келип, 28-орунга ээ болуу менен биринчи лизенциясын алган. 


Новости по дате