http://ktrk.kg/М.Абылгазиев: ар бир мамлекеттик мекемени интернет менен камсыз кылуу зарыл

М.Абылгазиев: ар бир мамлекеттик мекемени интернет менен камсыз кылуу зарыл

25 Июль , 17:05 2356

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 Ар бир мектеп, почта бөлүмү, медициналык жана кызмат көрсөткөн башка мамлекеттик мекемелер Интернет менен камсыз болуп, элге электрондук форматта кызмат көрсөтүүсү зарыл. 

Ошондо гана жарандарыбыз мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнүн чыныгы пайдасын сезе алат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйынында билдирди.  

Өкмөт башчы,  бардык мамлекеттик кызматтар эл үчүн  ар убак жеткиликтүү болушу керектигине  токтолду. Ал үчүн өлкөнүн аймактары кеңири форматтагы интернет менен камсыз болушу кажет.

Новости по дате