http://ktrk.kg/Түркияда сойкулук менен алектенген кыздар кармалды

Түркияда сойкулук менен алектенген кыздар кармалды

25 Апр 2016 , 8:09 1378

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Түркиянын курорттук райондорунда сойкулук кызмат көрсөтүп жүргөн кыргызстандык 11 кыз кармалды. Түркиянын Хаберлер маалымат агенттиги жазып чыккандай, Бодрум шаарынын полициясы жүргүзгөн рейддин жүрүшүндө Гумбет районунундагы мейманканалардын биринен сойкулук менен алектенген чет элдик 13 жаранды колго түшүрүшкөн. 

Ошондой эле, полиция кыздарды тескеп, аларга кардар таап иштетип жүргөн 39 жаштагы сутенерун кармаган. Аны текшерген учурда чет элдик кыздардын паспорттору табылган. Маалыматтар боюнча эми кыздар депортацияланып, алардын сутенеру жоопко тартылмак болду.


Новости по дате