http://ktrk.kg/Күздөн тарта жаңы Патрулдук милиция кызматы ишке кирет

Күздөн тарта жаңы Патрулдук милиция кызматы ишке кирет

28 Июль , 17:28 697

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматынын ишмердиги ар убак сынга алынып, кызматкерлердин жолдо туруп айдоочулардан акча алганы, мекеменин коррупцияга белчесинен батып калды деген кептер көй айтылып келген. Чынында МАИ кызматкерлеринин эреже бузган айдоочулардан пара талап кылып, акча алып жаткан жеринен кармалган окуялар, видеого тартылып алынган тасмалары менен дагы алардын мындай мыйзамсыз аракеттери көп эле жолу тастыкталды.

Эми мына ушундай мыйзамдан тыш иш аракеттерге толугу менен бөгөт коюу чаралары көрүлүүдө. Буга чейин “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирип, борбор калаанын жана стратегиялык трассалардын айрым бөлүктөрүндө камералар орнотулуп, жол эрежесин бузгандарды түз көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүк жаралды. Эми быйыл күздөн тарта жаңы Патрулдук милиция кызматы ишке киргени турат. Жаңы кызматты түзүү сунушу президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен түзүлгөн атайын жумушчу топко таандык. Жумушчу топ реформанын алкагында кызматкерлерди толугу менен сынак аркылуу кабыл алып, алардын иштөө тартибин жаңы талаптарга ылайык өзгөртүүнүн үстүндө иштеп жатышат.


Новости по дате