http://ktrk.kg/Чек ара: кыргыз-тажик элине тынчтык керек

Чек ара: кыргыз-тажик элине тынчтык керек

28 Июль , 22:19 2301

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бир гана кыргыз эли эмес, коңшу Тажикстан мамлекетинин жарандары дагы көптөн күткөн күндөр келди окшойт. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча эки мамлекеттин башчыларынын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү ушул аптада орун алды. Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон эки бөлүктөн турган сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, ал Тажикстандын Исфара шаарында жана Ысык-Көлдө Чолпон-Ата шаарында өттү.

Президент Сооронбай Жээнбеков кесиптеши Эмомали Рахмондун чакыруусу менен 26-июлда Тажикстанга жумушчу сапары менен барды. Эки мамлекеттин башчылары алгач кыргыз-тажик чек арасы кесилишкен тилкеде, Кыргызстандын жана Тажикстандын айылдык кеңештеринин коомчулугу жана аксакалдарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Президенттер анда Кыргызстан менен Тажикстан мамлекети чек арадагы бардык маселелерди чечүүгө биргелешип аракет көрөрүн белгилешип, аны менен катар жергиликтүү тургандарды ынтымак биримдикке чакырышты.



Новости по дате