http://ktrk.kg/Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга иш сапары жыйынтыкталды

Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга иш сапары жыйынтыкталды

29 Июль , 9:27 393

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон 28-июлда өзүнүн иш сапарын жыйынтыктап, Кыргызстандан учуп кетти. «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан Эмомали Рахмонду Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков узатты.

Эске салсак, Тажикстандын Исфара шаарындагы сүйлөшүүлөрдөн кийин мамлекет башчылары сүйлөшүүлөрдү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында улантышты. Эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери, анын ичинде мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси талкууланды.

Новости по дате