http://ktrk.kg/Ысык-Көлдө эндемикалык балык түрлөрү көбөйүүдө

Ысык-Көлдө эндемикалык балык түрлөрү көбөйүүдө

29 Июль , 15:20 1996

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көлдөгү эндемикалык балык түрлөрү мурдагы жылдарга салыштырмалуу көбөйүүдө. Мында Ысык-Көл маринкасы, асман жана сиг-лудога балык түрлөрү өзгөчө көбөйгөнү байкалган. Бул туурасында Ысык-Көл биосфералык айымагынын мониторинг жүргүзүү иштеринин негизинде белгилүү болгон. Ысык-Көл биосфералык аймагы Илимдер академиясынын биология институту жана Айыл чарба министрлигине караштуу балык чарба департаменти менен үч тараптуу келишимдин негизинде иш алып барууда. 

Ага ылайык, Ысык-Көлгө жыл сайын үч миллиондон ашык аталган балык түрлөрүнүн майда чабактары коё берилип турат. Илимий кызматкерлер балык түрлөрүнүн көбөйүшү жана сууда жашап кете алышы боюнча изилдөө иштерин жүргүзүп жатышат. Белгилей кетсек, мындай илимий изилдөө иштери эми гана жанданууда. Корутундуларга ылайык балык түрлөрүнүн өсүшүндө жана көбөйүшүндө табигый тоскоолдуктар жок экени аныкталды. Балыктардын көбөйүшүнө жалгыз гана жаз, күз айларындагы мыйзамсыз балык кармоо иштери кедергисин тийгизип жатканы айтылууда.

"2018-2019-жылдары жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы менен өзгөчө Ысык-Көл маринкасынын көбөйгөнүн аныктадык. Башка түрлөрүндө көбөйүүсү боюнча да олуттуу өзгөрүүлөр бар. Биз эми баягы мыйзамсыз балык кармагандарга каршы күрөшүү иштерин дагы күчөтүшүбүз керек. Бул иштер күз айларында жанданат",- деди Ысык-Көл биосфералык аймагынын директору Эрлан Сүйүнбаев. 

Новости по дате