http://ktrk.kg/Ош - Бишкек унаа жолунун кооптуу аймактарына галерея тургузулууда

Ош - Бишкек унаа жолунун кооптуу аймактарына галерея тургузулууда

29 Июль 2019 , 16:51 6728

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кар көчкүнүн зыянын азайтуу максатында, Ош - Бишкек унаа жолунда галерея тургузулуп жатат. Коргонуучу тосмо - Жапон мамлекети тарабынан гранттык негизде курулууда. Ош - Бишкек унаа жолунун 246-чакырымында курулуп жаткан галерея дал ушул аймактан башталат. Муну менен адистер, кар көчкүлөрдүн алдын-алуу мүмкүнчүлүгүн айтууда. Жапониялык компания жүргүзүп жаткан курулуштун долбоору 2021-жылы аяктайт.

Мындай кооптуу аймактан №23 Жол тейлөө ишканасынын карамагында 22 участок бар. Ишканага Ош - Бишкек унаа жолунун 109 чакырым аймагы карайт. Коргонуу галереясынын Көчкүлүү-Булак участкасына курулуп жатышы жөн жерден эмес. Наркы 42 млн. йен япон акчасын түзгөн курулуш иши - гранттык негизде.

Галерея жабык типте түшөт. Жалпы аянты 1 чакырымдан ашат. Бул үчүн азыр, бийиктиги 460 метрди түзгөн тосмонун негизги пайдубалы курулууда. Курулушка байланыштуу унаалардын каттамына чектөө киргизилген жок. Коопсуздук чаралары толук камсыздалган. Жумушка тартылгандардын 50 пайызы жергиликтуу элден. Талас, Чуй облусунан келип иштеп жаткандары да бар.

Ош - Бишкек унаа жолунун жалпы узундугу 678 чакырымды түзөт. Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган жол 1965-жылы курулган. Мындан жылына 600 миндей оор жүк ташуучу жана женил унаа каттайт.



Новости по дате