http://ktrk.kg/Бишкек Жылуулук электр борборунун жаңыланган бөлүгүнөн дагы деле мүчүлүштүктөр табылууда

Бишкек Жылуулук электр борборунун жаңыланган бөлүгүнөн дагы деле мүчүлүштүктөр табылууда

29 Июль , 21:01 524

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бул тууралуу Свердлов райондук сотундагы отурумда белгилүү болду. Күбө катары көрсөтмө берген “Электр станциялары” акционердик коомунун башкы директору Таалайбек Толубаев долбоорду ишке ашырган компания кемчиликтерди жоюнун үстүндө иштеп жатканын билдирди. ЖЭБди модернизациялоодогу коррупцияга байланышкан соттук териштирүүдө жаңы жагдайлар ачыкталууда.

Укук коргоо органдарынан түзүлгөн биргелешкен тергөө тобу ЖЭБди жаңылоого байланыштуу ишти узак убакыт тергеп, көлөмдүү материалдар талданды. Сотто токсонго жакын күбөнүн отуздан ашыгы гана суралып бүттү. Соңку көрсөтмө бергендердин катарында “Электр станциялары” акционердик коомунун учурдагы жетекчиси Таалайбек Толубаев да бар. Ал энергообъектте дагы деле мүчүлүштүктөр табылып жатканын билдирди. Салайдин Авазов бул иш боюнча айыпталгандардын катарында камакта. Анын жактоочусу мамлекеттик айыптоочулар тарабынан айтылган 111 миллион долларлык чыгым тууралуу жүйөөлөрдү четке кагууда.

Кылымдын чуусуна айланган сотто айыпталуучулар гана эмес, күбөлөр да азыркы жана мурдагы аткаминерлер. Буга чейин айрым күбөлөр абактагы Осмонбек Артыкбаевдин пайдасына көрсөтмө беришкен. Маселен, экс-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев ТВЕА (ТиБиЭй) компаниясы менен сүйлөшүүлөр Артыкбаев министрлик кызматка келгенге чейин эле жүргүзүлгөнүн тастыктады. Анткен менен айрым адистер экс-энергетика министринин долбоорду ишке ашыруудагы жоопкерчилиги жеңил эмес экенин белгилешет. Бирок, ошол эле учурда ал мурдагы президенттин жана анын аппаратынын тапшырмасын аткарып, курмандыкка айланып калганын да эске салышууда. 

Күбөлөрдүн дагы бири, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын өкүлү Шараф Ачылдиев ЖЭБди жаңылоонун Долбоордук-уруксат берүү документи өз убагында көрсөтүлбөгөнүн билдирди. Анын айтымында Президенттин Аппаратына, Сапар Исаковго кат жазылгандан кийин аталган документ алынган. ЖЭБге байланыштуу козголгон башка кылмыш иши боюнча, тагыраак айтканда от казандарын жылдык оңдоого жана аварияга байланыштуу иште энергетика тармагынын мурдагы жетекчилери эки жылдан жети жарым жылга чейин эркинен ажыратылган. Алардын доо арызы Бишкек шаардык сотунун кароосунда турат. Ал эми эң чуулгандуу, Кытайдын 386 миллион доллар насыясынын эсебинен ЖЭБди модернизациялоо ишинде мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев баштаган сегиз адам айыпталууда.





Новости по дате