http://ktrk.kg/Кулчулукка кабылган кыргызстандыктардын 70 пайызын мигранттар түзөт

Кулчулукка кабылган кыргызстандыктардын 70 пайызын мигранттар түзөт

30 Июль , 15:02 495

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жыл сайын Кыргызстандын 60 миңдей жараны өз өлкөсүндө же чет жакта кулчулукка кабылуу коркунучуна туш болот. Бул тууралуу 30-июлда Бишкекте өткөн жыйында Бириккен Улуттар Уюмунун баңгизат жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын өкүлдөрү билдиришти. 

Кулчулукка кептелген аялдардын көбү зомбулукка кабылат, ал эми эркектер оор жумуштарга тартылат. Миграция кызматынын маалыматына караганда, 2017-жылы 175 адам кулчулуктан куткарылган. Көз каранды эмес укук коргоо уюмдарынын иликтөөлөрү боюнча, кулчулукка кабылган кыргызстандык жарандардын 70 пайызын мигранттар түзөт.

Новости по дате