Электротранспортко кызыккандар арбыды
Акыркы учурда шаардын тургундары коомдук транспорттун ордуна жеке портативдүү каражаттарын колдонууда.
Монодөңгөлөктү башкарууда кыйындык жаралбайбы?
Монодөңгөлөктү башкаруу жеңил. Анын ылдамдыгын жогорулатуу үчүн алдыга эңкейүү, токтотууда артка ийилүү керек. Оң же солго салмакты таштаган учурда ошол тарапка бурулмакчы.

Жаракат алгансызбы?
Башында үйрөнүп жатканда баары кулашат. Катуу жаракат алган эмесмин. Биз өзүбүз үйрөнгөндүктөн, баарын түшүнүп калдык. Башында тытылган, көгөргөн жерлер көп болгон.
Үй-бүлөсү менен электротранспортту тандаган Сергей

Өткөн жылдын август айынан бери электротранспортту айдап келебиз. Уулум ушул ишке аралашкандан баштап биз дагы аны менен чогуу кызыга баштадык. Мурун үй-бүлөбүз менен сноуборд тепчүбүз, быйыл лыжа базасына да барган жокбуз, анткени монодөңгөлөк лыжанын ордун алмаштыра алат.

Монодөңгөлөктүн жакшы жана жаман жактары эмнеде?
Аталган транспорттун жакшы жактары толугу менен автономдуу, көчөдөгү тыгынга, бензинге көз каранды эмес жана дайыма кыймылда турат. Өзгөчөлүгү анын мобилдүүлүгү, каалаган жакка алып баруу мүмкүнчүлүгүн түзөт. Күйүүчү майга акча коробойт жана экологияга да зыяны жок. Кубаттуулугу 80-90 километрге жетет, ылдамдыгы саатына 50 км/саат. Мындан да чоң дөңгөлөктөр бар, алар саатына 70 км/саат болот .

Жаман жактары деп анын баасын эсептейм. Орточо эсеп менен 500 доллардан башталып, сапатына, көлөмүнө карата өзгөрөт. Эмне үчүн кымбат? Биринчиден сапаттуу батарея, алар күйүп кетпейт. Экинчиден мындайларда бир нече коргоо системасы турат. Ал ылдамдыкты жогорулатууга уруксат бербейт, өзү менен өзү аны көзөмөлдөп турат.

Монодөңгөлөктүн түзүлүшүн жана башка жагдайларын карап туруу үчүн Bluetooth менен байланыштырган тиркеме бар. Ал жерде анын зарядкасын, канча км жүргөнүн, канча убакытка жетерин көрсөтүп турат.
Физикалык жактан кыйынчылыктар барбы?
Монодөңгөлөктү велосипед, лыжа менен салыштырганда албетте аз кыймылды талап кылат. Бирок анда туруп алып, эч кыймыл жок деген нерсе туура эмес. Анткени үзгүлтүксүз бутта туруп тебүү кыйын, 15 мүнөттөн кийин бутуң талып, белиң ооруйт. Ошондуктан сноуборд тепкен сыяктуу, слалом кылып тебебиз. Ошондо буттун булчуңдары тартылат. Шаардын ичиндеги тротуарларда 40-50 км жүргөндөн кийин кадимкидей чарчап каласың.

Монодөңгөлөктө эң маанилүүсү тең салмакты сактоо керек. Жүрүп жатканда кулабайсың, ылдамдыкты азайтканда оңго солго кулап баштайт. Алдыга же артка жүргүнчүнү таштап жибербейт, анткени өзүнүн түзүлүшү ушундай, бул жерде героскоп иштеп турат.

Елена
Жакындарым тебип жүргөнүмө эч каршылыгын көрсөтүшкөн жок, бирок элдер бизди инопланетянин, робокоп деп аташат. Биздин өлкө үчүн монодөңгөлөк бираз жат көрүнүш. Жолдо бара жатканда баары бул эмне деп кызыгышат. Үйрөнүп жатканда элге окшоп менде дагы жаракаттар болгон.
Жеке коопсуздукту кантип сактайсыздар?
Биз башында аз ылдамдыкта жүргөнүбүз үчүн коргонууну ойлончу да эмеспиз, азыр болсо тез ылдамдыкта колдонобуз, экипировка сөзсүз керек.

Монодөңгөлөк сатып аларда эмнеге көңүл буруу керек?
Сапаттуу дөңгөлөк жасаган бир нече компания бар. Дүйнөгө таанылган дөңгөлөктөрдү кытайлык фирмалар чыгарат. Мисалы, Kingsong 18 L дин батареясы күчтүү. Меники 80-90 километрге жетсе, тиги 120 – 130 километрге жетет. 2017-2018-жылдары чыккан İnmotion деген дөңгөлөктөр эң кубаттуулардын санына кирет.

Монодөңгөлөк сатып алуудан мурун эң маанилүүсү, анын ылдамдыгына көңүл буруу керек. Орточо эсеп менен 45 километрден жогору болсо, шаардын бир бөлүгүнөн башка тарабына 12 мүнөттө барса болот. Экинчиден, дөңгөлөктүн кубаты, канчалык күчтүү болсо ошончо коопсуз. Эгер күчсүз мотор же дөңгөлөк алышса адамдын салмагын көтөрө албай тешилип калышы мүмкүн. Дөңгөлөк орточо 1800-2000 ватт болсо жакшы, 100-120 кг салмактагы тебүүчүлөрдү көтөрө алат.

Андрей, Бишкектин жараны
Биздин аткаминерлер велосипед менен тротуарлардан тебип көрүшсө, шаардын абалын дагы да жакшы түшүнүшмөк. Бишкектин четтеринде тротуар менен жүрөлү десек люктардан, тешиктерден жол жок. Чоңдорубуз биринчи Ч.Айтматов менен Ж.Абдрахманов көчөлөрүнөн велосипед менен өтүп көрүшсүн. Азыр шаардыкына салыштырмалуу жаңы конуштардагы тротуарлар жакшырак.
Монодөңгөлөктөр жөө жүрүүчүнүн транспортуна кирет, транспорттук каражат эмес. Бул самокат же велосипед эмес, муну скейтке жакын деп айтсак болот. Бул кадимки жөө жүргүнчүдөн тезирээк болгон гана нерсе. Ошондуктан бизге дагы жөнөкөй жөө жүрүүчүгө каралган эрежелер эле тиешелүү. А коопсуздукту болсо ар ким өзү ойлошу керек.
Алексей Константинович
2016-ж тебип баштагам, быйыл 4-сезон. Менде электросамокат, электровелосипед, мономотоцикл бар. Бирок баарынан монодөңгөлөктү мыкты дейм, анткени компактуу, ыңгайлуу жана оңой өтүүчү нерсе. Мени мисалы, дүкөн банктарга аны менен киргизишет.
Менин эски жумушум "Аламедин 1" жакта болчу. Маршруттук таксинин токтогон жерине чейин дөңгөлөк менен барчумун, ал жактан кайра монодөңгөлөк менен кайтчумун. Мисалы, Москвада көбү ушундай кылышат, метродон метрого чейин монодөңгөлөктөрү менен жүрүшөт.
Электросамокатты транспорт үчүн колдонсоң, анын эң биринчи жасалган модели менен салыштыруу туура эмес. Мисалы, велосипед тепкенде бир гана буттар иштейт да, колдор эмнеге иштебейт деп айтууга болбойт. Электросамокатта болсо бутуң дагы колун дагы машыгып жатпайбы. Кээ бир самокаттар монодөңгөлөктөрдөн тез болушу мүмкүн.

Евгений Шевченко

Келечек электротранспорто. Бул бир гана көңүл ачуу эмес, акчаны үнөмдөө жана чоң ырахат. Уулумда гироскутер, өзүмдө электросамокат бар, жакын арада электромотоцикл алууну пландап жатам.
Электротранспортто, мисалы, Жибек жолу/ Тоголок Молдо көчөсүнөн "Аламедин 1ге" чейин самокатым менен 12 мөөнөттө жетем, а маршруттук таксиде ысыкта, тыгында 30 мөөнөт коротом.
Монодөңгөлөк менен электросамокат толук кандуу транспорт, ал эми гироскутер бир гана тебүү,көңүл ачууга жарайт. Азыркы тапта электросамокат менен жумушка, сабакка барышат. Мисалы, Москвада курьерлер баары ушул каражатка өтүшкөн.

Арзан электротранспорт албаганга аракеттенүү керек, анткени алардын аккумулятору жарылып кетиши ыктымал. Гироскутерди катуу тебип бараткан жеринен өзү менен өзү токтоп калышы мүмкүн. Ошондуктан сатып алып жатканда сөзсүз түрдө анын сертификатын суроо керек, ошондой эле сатуучудан ичин дагы көрсөтүүсүн талап кылуу зарыл. Электротранспорттор абдан көп, бирок официалдуу түрдө иштеген 8 компания гана бар. Xiaomi, Ninebot фабрикалары сапаттуу комплекттерин жасашат, буларда аккумулятор жарылып кетет деген ой да болбойт.
Азыр америкалык чыгаруучулар жок. Американын Segway компаниясын кытайлык Ninebot сатып алган. Азыр Segway бир гана Нидерланды менен Вашингтондо офиси бар. Булардан сырткары, кореялык Dualtron деген мыкты компания бар, бирок аны алууга көпчүлүк кыргызстандыктардын мүмкүнчүлүгү жок.

Эмнелерге көңүл буруу керек?
Биринчиден, сатып алардан мурун сертификатын кароо керек. Экинчиси, сатуучу сатып жаткан товарын мыкты билиши кажет. Ал сиздин бардык сурооңузга жооп бере алышы зарыл. Жада калса эринбестен ичин ачып көрсөтүп сизди ынандырышы керек. Мисалы, кичинекейлер үчүн гироскутерлерде сөзсүз аккумулятор Самсунг компаниясыныкы болушу зарыл. Кээде, сырткы эмблемасы Самсунг болуп ичинин баары жасалма болуп чыгат. Сыртындагы белги менен ичиндеги заттар бир фирмага ылайык болуусу шарт.

Кайсынысын тандоо керек?
Бул адамдын жаш курагына карата болот. Чакан электросамокатты көбүнчө 13-25 жаштагылар тебет. 35-40 жаштагыларга отургучу бар, дөңгөлөгү чоңурактар ылайыктуу. Мисалы, мен 43 жаштамын "Аламедин 1ге" 9,5 км, ал жака чейин туруп баруу мен үчүн кыйын. Монодөңгөлөктө жаш курак каралбайт, кичинекей балдардан баштап 60 жаштагылар да тебишет. Гироскутерлерди болсо 12-13 жаштагы балдар жакшы көрөт. Демек, ар бир электротранспорттун өзүнүн аудиториясы бар.

Пайдасы эмнеде?
Бирөө жарым электротранспорттун ордуна жөө жүргөн жакшы десе жаңылат. Мисалы алсак, гироскутер вестибулярдык аппаратты машыктырат. Жарым саат гироскутер тебүү машыгуу залында болуу дегендей. Буттар ооруйт, пресс тартылат эң башкысы вестибулярдык аппаратты иштетет. Монодөңгөлөктө жүрүү чоң бир искусство, аны үйрөнүш башкаларга салыштырмалуу кыйын. Электросамокат убакытты үнөмдөйт, терезеси ачылбаган маршруттук таксиде тыгында турганча, бул менен кыска убакытта көздөлгөн жайыңа бара аласың. Электросамокатты ден-соолукту чыңдоо жагынан эмес, практикалык жагын караш керек.

Шаймандар
Комплектте самокат өзү эле болот, кошумча отургуч, күзгүсүн жана тамак-ашка атайын себетин тебүүчүлөр өздөрү жайгаштырып алышат. Колдонуучуга чыканак, тизеге жабдуулар жана шлем сөзсүз керек.

Баасы

Электросамокаттар орточо эсеп менен 25-30 миң сомдун тегерегинде турат. Гироскутерлер 12-18 миң сомго чейин жетсе, монодөңгөлөктөрдүн баасы 26-100 миңге чукул.
Мотор менен дөңгөлөк бир курамдык элемент. Жол канчалык жаман болсо ошончо чоң дөңгөлөктүү транспорт алыш керек. Көпчүлүк электротранспорт жайкы кургак убакытка каралган, бирок аны башка мезгилде жана шарттарда да колдонууга болот.
This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website