http://ktrk.kg/Президент элдин кызыкчылыгы баарынан жогору тураарын белгиледи

Президент элдин кызыкчылыгы баарынан жогору тураарын белгиледи

31 Июль , 16:56 2524

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Панфилов районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда элдин суроолоруна жооп берип жатып «Бир ууч топтун жеке кызыкчылыгына каршы чыгышым мүмкүн, бирок элимдин кызыкчылыгына каршы чыкпайм!», — деп баса белгиледи. Сооронбай Жээнбеков «бир ууч топко кызмат кылам, алардын кызыкчылыгын коргойм, уурулугун жашырам» деп убада бербегендигин билдирди.

«Мен элдин ишенимин алып, элдик Президент болом деп убада бергем. Президенттик ишим аяктагандан кийин эл ичинде таза абийирим, ийгиликтерим менен калууну максат кылам. Элимдин кызыкчылыгы, мамлекетибиздин кызыкчылыгы мен үчүн баарынан кымбат. Бир ууч топтун жеке кызыкчылыгына каршы чыгышым мүмкүн. Бирок, Кудай мени элимди, жеримди, мамлекетимди саткандан сактасын», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Новости по дате