http://ktrk.kg/Президент эл менен жолугушууда ар бир суроого ачык жооп берди

Президент эл менен жолугушууда ар бир суроого ачык жооп берди

31 Июль , 23:34 4731

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков аймактарга болгон сапарын улантууда. Бүгүн өлкө башчысы Чүй облусунун Панфилов районунда эл менен жолугушуп, алардын суроо талаптарын укту. Президент аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында аткарылып жаткан иштер, өлкөнүн экспорттук дараметин арттыруу, каржы институттары тарабынан жеңилдетилген насыялоо иштери тууралуу айтып берди. Аны менен катар артыкчылыктуу багыттар- коррупцияга каршы күрөш, таза суу, сугат суу маселесин чечүү, энергетика тармагын жөнгө салуу болуп жатат.

Панфилов району Чүй облусунун батыш тарабында, Казакстан менен чектеш аймакта жайгашкан.

Калктын негизги киреше булагын айыл чарба багыты түзөт. Президент Сооронбай Жээнбеков районду Улуттук экономиканын авангарды деп да атады.

“Аймактарды өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлүүдө. Акимдер жана жергиликтүү бийлик кошумча инвестицияларды тартуу үчүн активдүү иштөөсү керек, эл аралык каржы институттары Кыргызстан менен иш алып барууга даяр”, - деп билдирди өз сөзүндө Президент.
 
Президент айыл чарба товар өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү боюнча мамлекеттик программалардын ишке ашырылышын, өзгөчө экологиялык таза ата мекендик продукцияларды экспортко чыгарууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
 

Ошондой эле президент учурда ишке ашырылып жаткан Улуттук долбоорлорго токтолду.

Маселен ирригация тутумун калыбына келтирүү боюнча 2026-жылга чейин 3 этаптан турган программа кабыл алынган. Анын алкагында 65 000ден ашык гектар жерди айдоо аянтына айлантуу максаты коюлган.

Мамлекеттик ипотека- алгач 14 пайыздан бериле баштаса, азыркы күндө ал 7 пайыздан берилүүдө. Алдыдагы жылдары пайыздык ченди 6 пайызга чейин түшүрүү планы бар.

Учурда стратегиялык жолдордун курулушу жүрүүдө. Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу, Түп - Кеген, Балыкчы Корумду, Бишкек - Кара-Балта жана башкалар.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушууда өлкө башчысына саясий өңүттөгү да суроолор берилди. Анын ичинен мурдагы президенттин акыркы кадамдарына карата өлкө башчысынын пикири кызыктырды.

"Учурда кыргызстандыктарды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги кырдаалга карата менин көз карашым кызыктыраарын билем. Анын айланасындагы акыркы окуялар, күбө катары суракка чакырылып жатканы - бул мыйзам ченемдүү көрүнүш деп айтат элем. Мыйзамдуу өлкөдө мыйзамдын алкагында гана иш-аракеттерди жүргүзүү керек. Кандай гана адам болбосун - мурдагы президентпи, чиновникпи, аскер кызматкериби, же катардагы кызматкерби - мыйзам баарына бирдей болуп, ар бирибиз ага баш ийишибиз керек. Ошондо гана өлкө өнүгөт. Атамбаевдин иши дагы Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында чечилүүгө тийиш. Менин көз карашым ушундай", - деди Жээнбеков.
 
Президент өзүнүн дарегине айтылган дагы бир суроого ачык жооп берди. Өлкө башчысы мамлекеттик башкарууда бир ууч топтун эмес, элдин кызыкчылыгы үчүн кызмат кыларын дагы бир ирет баса белгиледи.

Мамлекет башчысы менен жолугушуу дээрлик 3 саатка созулуп, жергиликтүү тургундардын ар бир суроосуна жооп алынды. 

Аларга министрлик менен ведомство жетекчилери да жооп беришти. 


 

Новости по дате