http://ktrk.kg/Өзбекстан премьер-министри Бишкекке келет

Өзбекстан премьер-министри Бишкекке келет

1 Авг , 10:02 229

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов 1-августта Кыргызстанга иш сапар менен келет. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Бишкекте Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт аралык сүйлөшүүлөрү өтөт.

Арипов менен кыргыз премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин соңку жолугушуусу 2018-жылдын декабрында өткөн. Анда кыргыз-өзбек өкмөт башчылары кызматташуу боюнча жол картасына кол коюшкан.

Соңку үч жылда Өзбекстан Кыргызстанга экспортун беш эсе көбөйттү. 2016-жылы коңшулар Бишкекке болгону 67 миллион долларлык товар жөнөтсө, 2018-жылы бул сумма 350 миллион долларга чукулдады.

Новости по дате