http://ktrk.kg/Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт

Бишкектин айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт

1 Авг , 10:12 328

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 5-августтан 9-августка чейин Бишкек шаарынын айрым райондорунда жана Лебединовка айылында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Мындай чектөөлөр жабдууларды алмаштыруу ишине байланыштуу, деп маалымдайт мэриянын басма сөз кызматы.

Газ өчүрүлө турган аймактар:

- Аламүдүн-1 кичи району;

- Куруучулар жана энергетиктер шаарчасы;

- Калинин көчөсү;

- Жеңиш проспектиси;

- Лебединовка айылынын Токмок көчөсү.


Новости по дате