http://ktrk.kg/Өзбекстандын Премьер-министри Кыргызстанга келди

Өзбекстандын Премьер-министри Кыргызстанга келди

1 Авг , 11:16 412

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов иш сапары менен Кыргызстанга келди. «Манас» эл аралык аэропортунда Өзбек өкмөт башчысын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тосуп алды. 

Сапардын алкагында Абдулла Арипов Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушат. Өзбекстандын Премьер-министрин Президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.


Новости по дате