http://ktrk.kg/ЖЭБ боюнча сот: Айбек Калиевдин унаасы тууралу жеке ишкер сурак берди

ЖЭБ боюнча сот: Айбек Калиевдин унаасы тууралу жеке ишкер сурак берди

1 Авг , 14:22 695

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Жылуулук борборун модернизациялоо боюнча ачык соттук отурумда күбөлөрдүн сурак берүүсү уланууда. 

 Бүгүн көрсөтмө берүүгө унааларды алып-саткан жеке ишкер Чыңгыз Чулуев чакырылган. Анын белгилешинче, Айбек Калиевдин  унаасын сатууга жардам берген. Техникалык абалы орточо болгон. 

 Эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген. 

Буга байланыштуу УКМКнын   убактылуу кармоочу жайында  мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков менен  Жанторо Сатыбалдиев, Жогорку Кенештин  депутаты  Осмонбек Артыкбаев, энергетика тармагынын кызматкерлери  Салайдин Авазов жана Айбек Калиев кармалган. Мурдагы  финансы министри  Ольга Лаврова  болсо үй камагында. Аларга кызмат абалынан кыянаттык менен  пайдалануу  жана коррупция беренелери  боюнча айып тагылууда. Бул кылмышы иши февраль айынан тарта карала баштаган.

 

Новости по дате