http://ktrk.kg/Ипотекалык компанияга Германия өнүктүрүү банкы каражат бөлдү

Ипотекалык компанияга Германия өнүктүрүү банкы каражат бөлдү

1 Авг , 22:24 736

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз


Өлкөнүн аймактарында жашаган жарандар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк жаралды. Мамлекеттик ипотекалык компаниясы Германия өкмөтүнүн өнүктүрүү банкы аркылуу жаңы турак жай насыялоо программасын ишке киргизүүдө. Бул долбоорго биринчи этапта 11 млн. евро бөлүнүп берилүүдө. Программанын алкагында жарандар жаңы турак жай сатып алууга, турак жайды кеңейтүүгө же өзүнүн жер тилкесине жаңы үй салууга мүмкүнчүлүктөрү бар. 

Кыргызстан менен Германия өкмөттөрүнүн "Турак жай насыялоо" программасы 2 жылдан бери макулдашылып, жол жоболору иштелип жаткан. 1-августтан тарта долбоор ишке киргизүүгө даяр болду. Программанын алкагында Германиянын өнүктүрүү банкы 11 млн. евро каражатты гранттык түрдө бөлдү, экинчи этапка дагы 9 млн. евро каралган. 
Айыл жерлериндеги жарандарды колдоого, алардын турак жай шарттарын жакшыртууга багытталган жакшы программа болууда. 
Айтмакчы, долбоор өлкөнүн аймактарына гана жайылтылып, ипотекалык насыяны Бишкек жана Ош шаарларынан сырткаркы жашаган жарандар ала алышат. Программанын алкагында ипотекалык насыя үч багыт боюнча жүргүзүлмөкчү. Ага ылайык жаран турак жай сатып алууга, жаңы турак жайды кеңейтүү жана реконструкциялоого ошондой эле өзүнүн жер тилкесине жеке турак жай курууга мүмкүнчүлүгү бар. 

Программаны ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компания Кыргызстандагы үч банк АКБ Кыргызстан, РСК жана КиАйСиБи менен кызматташат. Программанын негизги өзгөчөлүгү- жарандар насыя алуу үчүн жергиликтүү бийлик органдарына эмес, түз эле өнөктөш банктарга кайрыла алышат. 

Кардар түз эле бизге кайрылат, банк жарандын бардык тиешелүү документтерин кыска мөөнөттө карап чыгып, алар толук болсо насыя бериле берет. Алдыдагы 2-3 айдын ичинде насыялоонун бардык жол жоболору иштелип чыгат. Алар тууралуу кошумча маалымат берилет. Турак жай насыялоо программасынын негизги максаты Мамлекеттик ипотекалык компаниянын бюджетин көбөйтүүгө, бериле турган насыянын санын дагы да арттырууга багытталган. 

Ушул кезге чейин Мамлекеттик ипотекалык компания 14 өнөктөш банктар аркылуу 5 млрд. сомдон ашык каражатка 4332 жаранга насыя берди. Ал эми азыркы учурда мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу турак жай алууга кезекте тургандардын саны 5130 адамды түзөт. 

Новости по дате