http://ktrk.kg/Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин директору камалды

Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин директору камалды

2 Авг , 11:16 301

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов менен жардамчысы УКМКнын тергөө абагына эки айга - 1-октябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлашты. 

Рустамов менен жардамчысы 31-июлда пара алып жаткан жеринен кармалган болчу. УКМК кийин аткаминерлерди кармоо учурунда тартылган видеону жарыялаган. Кармалган кызматкерлер чет элдик жаранга Ананьев айылындагы Ысык-Көл токой чарбасынын жер фондунан беш гектар жер берүү маселесин оң жагынан чечип берүү үчүн пара талап кылышкан. Аларды тинтүү учурунда ар биринин жанынан 1 миң доллардан чыккан.


Новости по дате