http://ktrk.kg/Москвада өтүп жаткан аскердик мелдешке кыргызстандык танкисттер катышууда

Москвада өтүп жаткан аскердик мелдешке кыргызстандык танкисттер катышууда

5 Авг , 13:57 420

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бул күндөрү дүйнөнүн 10 өлкөсүндө бешинчи эл  аралык армия оюндарынын алкагында мелдештер өтүүдө. Анын бири “Танк биатлону” Москва облусундагы Алабино полигонунда ишемби күнү башталды. Ага кыргызстандык танкисттер дагы катышууда. Алгачкы көрсөткүчтөр боюнча, кыргыз командасы жаман эмес жыйынтыкты көрсөттү.


“Танк биатлону - 2019! 4-августта командалар арасында жеке жарыштар улантылды. Бул жылы мурдагыдан айырмаланып, мелдеш катышуучулары эки дивизионго – лидерлер жана жаңы катышуучулар деп бөлүнгөн. Кыргызстандын курамасы лидерлер дивизионунда күч сынашууда.


Мелдештин жыйынтыгы  экипаждын бирдиктүү ишинен көз каранды. Ар кандай  тоскоолдуктардан өтүп, бутага аткылоо боюнча мелдешке чыккан танктардын  жарышына, жыл сайын миңдеген адамдар күбө болот. Быйыл бул кызуу жарышка 25  өлкө катышууда. Танктар кызыл, көк, жашыл жана сары түскө боелгон. Чүчүкулактын  негизинде кыргыз танкисттери көк түстөгү аскердик унааларды башкармакчы.


Белгилей кетсек, Танк биатлону 17-августка чейин өтөт. Кыргыз танкисттери, дагы эки жарышка чыгат. Азыркы көрсөткүчтөр жаман эмес, байгелүү орундарга илинүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Баш байгеге Россиядан чыккан автоунаа коюлган. Эске сала кетсек, бул мелдеш 5-чи эл  аралык армия оюндарынын алкагында  өтүүдө.


3-августта болгон ачылыш аземинде, россиялык танкисттер, сооттолгон унаалар үчун жат болуп сезилген ыкмаларды көрсөттү. Танктын пушкасына байланган бычак менен дарбыз кесип,  ал тургай “танк вальсын” дагы бийлеп, келгендерди таң калтырды.


2019-жылдын дагы бир жаңылыгы, айымдардан түзүлгөн экипаждардын катышуусу болду. Келишимдүү кыз-келиндер, мырзалардан кем калышпай мыкты жарышты көрсөтө алды.



Новости по дате