http://ktrk.kg/Ноокендеги стадион эл аралык стандартка ылайыкталууда

Ноокендеги стадион эл аралык стандартка ылайыкталууда

5 Авг , 11:48 21

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

1986-жылы ашар ыкмасында курулган Ноокендин Масы айылындагы борбордук стадион баштан аяк оңдолууда. Реконструкциялоого - 18 млн 135 миң сом каражат талап кылынат. 

Мунун 10 млн сомун Ноокен райондук өнүктүрүү фонду бөлсө, 5,5 млн каражатты Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан, калган каражат Масы айыл аймагынын бюджетинен каралган. 

Азыр жумуштун 80 пайызы жыйынтыкталды. Стадионду жергиликтүү элге 31-август эгемендик майрамына карата пайдаланууга берүү мерчемделүүдө.




Новости по дате