http://ktrk.kg/  Ирак жана Сириядагы балдарды кайтарып келүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Ирак жана Сириядагы балдарды кайтарып келүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө

5 Авг , 12:01 219

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан Ирак жана Сирияда жүргөн кыргызстандык балдарды кайтарып келүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, Сириянын "Качкындар үчүн күрд лагеринде" кармалып жаткан жана Ирактын түзөтүү мекемелеринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргыз жарандарын кайтарып келүү боюнча Вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун жетекчилигинин астында тиешелүү жумуштар аткарылып жатат.

Учурда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн, бардык жумушчу топтун мүчөлөрүнө Ирактын визасын берүү маселеси жана Кыргызстандан Иракка чартердик рейс уюштуруу маселеси да чечилген. Мындан тышкары, Ирактын мыйзамдарына ылайык, кыргызстандык балдарга визалык тартипти бузгандыгына байланыштуу айып төлөө маселесин чечүү үчүн кыргыз тараптан финансылык каражаттын көлөмү такталды.

Азыркы тапта финансылык каражатты бөлүү боюнча өкмөттүн буйругунун долбоору өкмөттүн аппаратында каралып жатат. Ага ылайык, жумушчу топ Багдад шаарына ушул жылдын сентябрь айынын башында барат. Азыркы учурда сапарга чыгууга тиешелүү даярдыктар жүрүүдө. Ал эми Сириянын "Качкындар үчүн күрд лагеринде" кармалып жаткан кыргызстандыктарды кайтарып келүү маселесинде эл аралык уюмдарынын ресурстарын колдонуу пландалууда. Аны менен катар Сирияда жүргөн кыргызстандыктардын дарегин так аныктоого жана аларды кайтарып келүүгө багытталган тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул маселе премьер-министрдин жеке көзөмөлүндө турат.


Новости по дате