http://ktrk.kg/Казынага кол салгандарга өкүм чыкты

Казынага кол салгандарга өкүм чыкты

5 Авг , 22:11 232

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан кошумча наркы салыгы боюнча соттук териштирүү жыйынтыкталып, айыпталуучуларга карата өкүм чыкты. Бул иштин алкагында 13 адамга кылмыш иши козголуп, аларга “Алдамчылык” жана “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен айып коюлган.

Чуулгандуу иш боюнча соттук териштирүү 8 айга созулуп, анда айыпталуучулардын канчалык деңгээлде мыйзам бузууларга барганы териштирилди. Айыпталуучулар катары жалпысынан 13 адам сот алдынан өттү. Алардын ичинде 6 салык кызматынын, 3чөө бажы кызматынын өкүлдөрү жана жеке жактар бар. Бардыгына алдамчылык беренеси боюнча жана атка минерлерге ээлеген кызматын кыянаттык менен пайдалануу беренелери боюнча айып тагылган. Сот аларды күнөөлүү деп таап, ар бирине өзүнө коюлган беренелерге ылайык 3 жылдан баштап 14 жылга чейин эркинен ажыратылды. 

Эске сала кетсек, 2018-жылы УКМК атайын операциянын негизинде чет өлкөлүк жалган фирмалардын жасалма документтерин жана мөөрлөрүн тапкан. Коопсуздук кызматкерлери товар жүгүртүүдө катышы бар мамлекеттик органдардын имараттарын тинтүүгө алып, ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп, көмүскө акча өндүрүүнүн жолдору аныкталган.

Мындан өлкө бюджети 600 млн. сомдон ашуун зыян тартканы кабарланган. Маалыматка ылайык, «Интеррустрейд» жана «Полларис» ишканаларынын жетекчилери салык жана бажы кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, өлкө бюджетинен 393 млн. сомду мыйзамсыз алышкан, мындан тышкары 239 млн. сомдон ашуун салык төлөшкөн эмес.

Сот чыгарган өкүмгө айыпталгандардын жактоочулары макул эмес. Алар кийинки инстанциядагы сотко арыз даттануу менен кайрылаарын билдиришти. Ал эми мамлекеттик айыптоочулар болсо бардыгы мыйзам чегинде өттү, мамлекетке зыян келтирген жарандарга карата жаза чарасы туура коюлду деген пикирде. Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучулардын мүлкүнө коюлган камактар күчүндо калды. Ошондой эле мамлекеттин пайдасына материалдык зыян үчүн 550 млн сомдой өндүрүлдү. Соңунда өкүм чыккандан кийин соттолгондон сот залынан камакка алынды. 



Новости по дате