http://ktrk.kg/Тогуз-Торо районундагы "Ак-Талаа" каналы жаңыланууда

Тогуз-Торо районундагы "Ак-Талаа" каналы жаңыланууда

6 Авг 2019 , 9:24 337

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тогуз-Торо районундагы "Ак-Талаа" каналын реконструкциялоо иштери бүткөрүлсө кайрак талаага айланган аянттарды кайра суу басып, жергиликтүү эл үчүн жер иштетүүгө шарт жакшырат. Аталган каналды куруу иштери азыркы тапта 70-80 пайызга бүтүп калды. Белгилей кетсек, Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында ирригация тармагын колго алуу алдыңкы тапшырмалардан болуп коюлган болчу.

Союз учурунда Көк-Ирим айыл өкмөтүндөгү 500 гектар аянтка дал ушул “Ак-Талаа” каналы аркылуу суу жетип турган. Эгемендиктен кийин каналды кароо жетиштүү деңгээлде колго алынбай, акырындап четинен пайдалануудан чыга баштаган. Барган сайын суу берүү да начарлап, канал аркылуу болгону 200 гектардан ашуун гана жерди камсыздап калган. 2010-жылдан кийин катуу келген сел каналдын башкы курулмасын бузуп, бетондорун агызып кеткен. Каналды кайра толугу менен реконструкциялоо иштери колго алынып, жыл башында республикалык бюджеттен 3 миллион сом каражат бөлүнгөн. 

Канал реконструкциялып ишке берилсе Көк-Ирим айыл өкмөтүндөгү 500 гектар аянтты кайра суу басат. Жергиликтүү элдин экономикасы үчүн “Ак-Талаа” каналынын маанси зор. 

Каналдын курулушу элдин көптөн күткөн мүдөөсү болчу. Эми элет эли “сугат суу жакшырат” -деп үмүт артышууда. Ак-Талаа өрөөнүнө, негизинен, көп жылдык чөп өсүмдүгү айдалат. Себеби район мал чарбасына ыйлакташкандыктан, тоютту башка районго салыштырмалуу көбүрөөк камдоого туура керек болот. 

Райондо жыл сайын көп жылдык чөптү айдап-себүүгө басым жасагандар арбын. Тоют боюнча структуранын 70 пайызын көп жылдык чөп түзөт. Мунун өзү эле райондо ирригация тармагына өзгөчө маани берүү негизги талап экенин айтып турат.



Новости по дате